Биз социалдык тармакта

Бишкекте жер тилкелерине байланыштуу алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды

Жер тилкелерине байланыштуу бир катар алдамчылык фактыларына шектүү катары эки аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 30-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 63 жаштагы К.Ш. аттуу жаран кайрылып, Наргиза Калмырзаева менен Дилбара Калманбетовага карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, 2014-жылдын 19-ноябрында жогорудагы аялдар "1 гектар жер тилкесин алып беребиз" деп алдап, 20 миң доллар алышкан. Факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул тапта алдамчыларга туш болгон дагы 8 жаран арыз менен кайрылды. 

Кылмышка шектүүдөн жабыркагандар (0 554) 10-22-57, (0 554) 10-22-62 телефондору аркылуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы менен байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
operaledi
2015-06-30 17:49:30
Кайран эжекелер, элди алдаганды коюп, бала-чаканарды карап эле жакшынакай уйдо отура бербейт беленер.
0
konya
2015-06-30 20:13:28
эми булар деле мындай болот деп ойлобосо керек, бул да болсо кудайдын бир сыноосудур...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан