Үстүбүздөгү жылдын 27-28-июнь күндөрү Казакстандын Астана калаасындагы “Даулет” спорткомплексинде каратэнин шинкиокушинкай түрүнөн балдар жана өспүрүмдөр арасында "Astana Cup-2015" Эл аралык мелдеши болуп өттү. Бул турнирге Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Кыргыз Республикасынын 400дөй жаш спортчулары катышышты.
Аталган спорт түрү боюнча федерациянын өкүлү Сергей Шевченконун билдиришине караганда, ага биздин өлкөбүздүн атынан 17 жаш каратэчи катышкан. Алардын ичинен 60 килограммга чейинки салмакта Артём Носарев алтын медаль тагынса, 45 килограммдан жогорку салмакта Баэль Шерматов коло медалга татыды.