Улуттук курамаларды Олимпиадага даярдаган борбордо бүгүн, 1-июлда Медициналык борбор ачылды. Бул тууралуу Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаров кабарлап, жаңы ачылган жай менен тааныштырып чыкты.
Анын айтымында, бул борбордо улуттук курамдын мүчөлөрүнүн тизмеси болуп, спортчулар жылына 2 ирет кароодон өтө алышат жана маал-маалы менен кеңеш алышса болот. Ошондой эле адистер олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча өткөн мелдештерге көз салып, чет өлкөдөгү мелдештерге да спортчулар менен биргеликте жөнөтүлүшөт. Борбор 5 дарыгер, 2 укалоочу жана 1 медайым менен келишим түздү. Жалпысынан борборго дары-дармек сатып алууга 8 миллион 293 591 сом бөлүнсө, тендердик негизде шаймандарды сатып алууга 1 миллион 625 400 сом берилген.
Кошумчалай кетсек, Олимпиадага даярдоо борбору 1996-жылдан тарта иштеп келет. 2010-жылы борбордун алдында жеңил атлетика, бокс, оор атлетика жана дзюдо боюнча өнүктүрүү борборлору түзүлгөн.