1-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп шайланган Шейшенкул Бакиров Ысык-Көлдө спорт журналисттери менен жолугуп, баарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө ал суроолорго жооп берип, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
“Бүгүн Бишкекте атайын веложүрүш уюштурдук. Анда министрликтердин, мекемелердин 1200гө жакын кызматкери чогулду. Анда күндө жасалчу спорттук көнүгүүлөрдүн пайдалары айтылды. Ушуну менен мен жумушумду баштадым десем болот. Буюрса, мындан ары бизди чоң-чоң жумуштар күтүп турат. Мен өкмөт башчы менен жолукканда аймактарды кыдырып, спорттогу көйгөйлөр менен таанышып чыгарымды айттым”,- деди Ш.Бакиров.