3-июлда Түштүк Кореянын Кванжу шаарында Жайкы Универсиада оюндары старт алды. 14-июлга чейин созула турган мелдешке
146 мамлекеттин 13 миңге чукул спортчусу катышууда. Анда 21 спорт түрүнөн 272 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учурда мелдеш кызуу уланууда жана алгачкы күндөн тарта Азия өлкөлөрү мыктылыгын көрсөтүп, алдынкы үчтүккө чыгышты. Мелдештин 5-күнү өтүп жатат жана азырынча кыргыз спортчуларынын эсебинде медаль жок.
Медалдардын көрсөткүчү
боюнча бул 5 команда алдынкы орунду ээлеп келүүдө:
Орун Өлкө Алтын
Күмүш Коло Жалпы
1 Түштүк Корея 19 11 10 40
2 Япония 11 11 15 37
3 Кытай 11 7 6 24
4 АКШ 9 5 8 22
5 Орусия 8 15 12 35
Кыргыз мамлекетинин намысын коргоо үчүн аталган мелдешке өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын 23 студенти аттанган. Алар дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол тенниси сыяктуу спорт түрлөрүнөн бактыларын сынашмакчы.