Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусуна 5-июлда агып кеткен 2010-жылы туулган Дилшат Хайыпбаевдин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 6-июль күнү ӨКМнын Каракол шаардык №15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 12:25те Михайловка айылында көлдүн жээгинен жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.