Дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири Лионель Месси улуттук курамада убактылуу ойнобой калышы мүмкүн. Мындай божомолду чет элдик маалымат булактары кабарлап жатат.
Маалыматка ылайык, оюнчу мындай чечимди өз дарегине айтылган сындардан улам кабыл алышы мүмкүн. Аргентина курамасы Дүйнө чемпиондугунун финалында утулганын көпчүлүк кадимки көрүнүш катары кабыл алып келген. Ал эми Америка Кубогунун финалында Месси баштаган аргентиналыктар Чили курамасына утулган соң оюнчу катуу сынга кабылды. Ушундан улам Лео сентябрдагы жолдоштук беттештерде жана 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда бир катар оюндарга чыкпай калышы мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, “Альбиселесте” деген каймана атка ээ болгон Аргентина курамасынын 28 жаштагы лидери улуттук курам үчүн 103 оюн өткөрүп, 46 ирет айырмаланган.