Кыргыз мушкерлери Казакстанда өткөн мелдеште 7 медаль тагынышты

Казакстандын Атырау шаарында "А" классындагы Эл аралык мелдеш болуп өттү. Мелдешке кыргыз мушкерлери менен катар Иордания, Монголия, Орусия, Сирия, Тажикстан, Украина, Өзбекстан жана Казакстандын мушкерлери катышты. Анда жалпысынан 10 салмакта чемпиондор аныкталды. 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 8-июлда кабарлашкандай, биздин мушкерлер анда 7 медаль тагынып (2 алтын, 3 күмүш, 2 коло), командалык эсепте 2-орунду ээлешти. Алтындарды Эрмек Сакенов (64 килограмм салмакта) менен Чингис Борбашев (91 кг) багындырса, күмүш медалдарды Турат Осмонов (49 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Акжол Сулайманбек уулу (64 кг) сыяктуу мушкерлер камсыздашты. Ал эми Рахманкул Аватов (49 кг) менен Азат Усеналиев (52 кг) өз салмактарында коло байгеге ээ болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mamaidingory
2015-07-09 08:55:06
кыргыздын намысын дуйного тааныткандар рахмат силерге.ардайым жеништин устун жургуло ураа
+4
uran98
2015-07-09 14:30:43
azat altyn albai kalgany okunuchtu alga kyrgyz
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан