Универсиада оюндарында спортчу Дарья Маслова мамлекетибиздин капчыгына алгачкы медалды алып келди

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтүп жаткан Жайкы Универсиада оюндарында Дарья Маслова мамлекетибиздин капчыгына алгачкы медалды алып келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, спортчу кызыбыз 5 миң метр аралыкка чуркоодо коло байгени багындырды. Ал бул аралыкты 16 мүнөт 04,09 секундда басып өттү. Алдынкы 2-орунду Чехиянын жана Жаңы Зеландиянын өкүлдөрү камсыздашты.

Кошумчалай кетсек, мелдеш 14-июлда жыйынтыкталат. Анда 146 мамлекеттин 13 миңге чукул спортчусу күч сынап жатат. Кыргыз мамлекетинин намысын коргоо үчүн аттанган 23 студенттин ичинен азырынча Дарья гана медаль тагынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kgman92
2015-07-13 11:59:19
Куттуктайм
0
Mushker2013
2015-07-13 15:03:08
Азаматсын!
0
nur_2010
2015-07-13 23:19:13
Азамат
0
Adako
2015-07-15 18:57:38
Азамат, мындан ары да ийгиликтерди каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан