Теннисчи Новак Жокович Уимблдон мелдешин утуп алды

Сербиялык теннисчи Новак Жокович Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири болгон Уимблдон мелдешин утуп алды. Финалдык беттеште ал швейцариялык Роджер Федерерди жер каратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы теннисчи муну менен Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештериндеги чемпиондуктарынын санын 9га жеткирди. Ошондой эле Уимблдонду 3-ирет утуп жатат (буга чейин 2011-жылы жана 2014-жылы уткан). Жокович ошондой эле Австралиянын Ачык чемпиондугунун 5 жолку чемпиону, Американын Ачык чемпиондугунун 1 жолку чемпиону. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RASTAMAN
2015-07-13 14:22:33
Федерердин убагы отту окшойт
0
Maks_shop
2015-07-13 15:41:45
Красавсик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан