Испаниялык 34 жаштагы дарбазачы Икер Касильяс "Реал" менен коштошуп, португалиялык "Порту" менен 2 жылга келишим түздү.
Кезинде лондондук "Арсеналда" ойноп, орусиялыктарды кубанткан Андрей Аршавин 34 жашка чыгып, мурунку калыбын эбак жоготкон. "Зенитке" кереги жок катары саналган футболчу орусиялык "Кубань" клубу менен 1 жылга келишим түздү.
Англиялык "Манчестер Юнайтед" быйыл трансфер кылууда өтө активдүү болууда. Клуб "Бавариянын" "көлөкөдөгү" лидерлеринин бири Бастиан Швайнштайгерди курамына кошуп алды. Бул үчүн клуб "Баварияга" 20 миллион евро төлөдү.
Акыркы сезонду "Манчестер Юнайтеддин" курамында өткөргөн колумбиялык футболчу Радамель Фалькао эми "Челсиде" ойномой болду. 29 жаштагы футболчунун лондондук клубда мыкты ойноп кетерине ишеним арткандар да бар, ишенбегендер да бар. Ал жаңы клубунда №9-катар саны менен ойной турган болду.
"Ювентусту" акыркы сезондо Чемпиондор Лигасынын финалына алып чыккан Карлос Тевес Европа менен кош айтышты. Ал карьерасын аргентиналык "Бока Хуниорсто" улантат. Трансфердин суммасы 6,5 миллион еврону түздү.
Түркиялык "Фенербахче" футболдук клубу акыркы Дүйнө чемпиондугунда ойногон футболчулардын бирин курамына кошуп алды. "Манчестер Юнайтеддин" 31 жаштагы чабуулчусу Робин ван Перси түркиялык клуб менен 3 жылга келишим түздү. Трансфердин баасы 6,5 миллион евро.
36 жашка чыкканына карабай мыкты футбол көргөзүп келген италиялык Андреа Пирло карьерасын АКШнын “Нью-Йорк Сити” клубунда улантат.