Улуттук гвардиянын түзүлгөндүгүнүн 23 жылдыгына карата 16-18-июль күндөрү Бишкек шаарындагы 714-аскер бөлүгүндө спорттук иш-чаралардын алкагында күжүрмөн самбо боюнча мелдеш өтөт.
Куралдуу күчтөрдүн кошуун жана бөлүктөрүнүн, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн командаларынын арасында өтүүчү мелдеште Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгындагы "Динамо" командасынын спортчулары өз күчтөрүн сынашат. Бул тууралуу 15-июлда Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Самбо боюнча быйыл Кыргыз Республикасынын чемпиондугу жана ИИМдин биринчилиги Жалал-Абад аймагында өткөн.