УКМК: "Данияр Нарымбаев кармалган жок"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин пара алуу кылмышына байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин айрым маалымат булактары пара менен кармалган депутат Хажимурат Коркмазов менен биргеликте Данияр Нарымбаев да кармалганын жазып чыгышкан.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалды. Депутат кесиптеши, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берем деп экс-мэрдин жакындарынан 200 миң доллар талап кылган. Аталган сумманын жарымын алып жатканда кармалып, учурда сурак берүүдө.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
edu.kg.
2015-07-15 19:13:45
Айтымго Нарымбаев акталып апапак болуп чыгат деп
+6
Kairatmyn
2015-07-15 20:15:10
Пара алынган жерде Нарымбаев да кармалышы мумкун. Себеби УКМК президенттин чомучтоп топтогон аброюн чакалап токкусу келбегенден Нарымбаевти актап жатат деп ойлойм. Эгерде Нарымбаев да ошол жерде кармалган болсо президент коррупция менен курошом деген созун башка айтпай айтканы учун кечирим сураганга туура келип калат. Себеби президенттин апарат башчысы коррупция менен кармалды деген соз чыкса, жер жарылыш керек президент кирип кетиш керек. Апарат бул Президенттин жузу.
+4
Medina87
2015-07-15 21:01:04
Эх, коррупция, коррупция. Жогорку бийликтегилерди ушинтип жорголотуп коем дечи..?
+3
Sake80
2015-07-15 21:15:12
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт.Откондо эле акимдерден телефон чалып акча алып атканы чын окшойт.Анан калп эле зектерди куноолоп коюштуго
+4
st1m_
2015-07-16 01:09:56
Нарымбаев ушуну менен экинчи жолу чалынып олтурат.Биринчи Салянова тууралуу жандимиленип атып актанып кетти эле.Бул жолкусун президент озу чындап текшертсе президенттин коррупция менен курошуп жатабыз дегенине толук ишенет элем.
+2
asilkg
2015-07-16 04:14:09
Бул жерде копчулугу бар коркмазов озу эмес ал пешканын ролун ойногон.
+2
azamat85
2015-07-16 09:55:08
Нарымбаевти алыш керек жумуштан!
+1
ertur
2015-07-16 10:15:11
Нарымбаев эх наымбаев сага окшогондордун айынан канча адам кызматтан кетти, бирок пара алгандыгынан эмес,туз иштеп силерге окшобогондугунан
+3
Duko
2015-07-16 14:10:32
Коркмазов болуп жаткан иштердин колокосу эле. Эгер чындап коррупция менене курошобуз десек, бизге колоконун ээси керек.
0
Adako
2015-07-16 19:09:07
Албетте, УКМК озу президенттин кызыкчылыгын коргоп журсо анан кантип анын аппарат жетекчисин камакка алмак эле. Андан коро башка бир байкушту кууратканы жакшы буларга б.а. анын ордуна оппозиционер бироо болгондо уже эки-уч кундо куноолорун далилдеп, моюнуна 5-6 статьяны илип коюшмак
0
strangergirl
2015-07-16 20:18:06
Урматтуу Данияр Иличь Сиз эн жогорку топтогу саясий кызматкер болуп саналасыз жана А.Ш.Атамбаевдин #1 ишенимдуу адамы болуп туруп ушундай арам ишке барган болсонуз кудай озу кечирсин озунузду озунуз орттошко туура келип калат. Себеби Президенттин аппаратынан коррупцияга шектуу адам бар деп, коомчулукка ММК аркылуу билдирилип жатканы Президентибиздин абийирине жана Кыргыз элинин дуйнолук аренада ар намысына одоно шек келтирип жатат. Ошондуктан озунуз туура чечим кабыл алат деп ишенели.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан