Орусияда курулушта иштеген кыргыз мигранттары 6-кабаттан кулап, Ош облусунда туулган 2 жаран каза тапты

Орусиянын Ленинград облусундагы курулуш компаниясында иштеген кыргыз өлкөсүнүн жарандары 6-кабаттан кулап кетишти. Кырсыктан Ош облусунда туулган 2 адам набыт болду. Муну 15-июлда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. 
Кырсыктан жаракат алган Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1981-жылы туулган Майрамбек Айылчиев ооруканага жетпей жан берген. Кара-Суу районундагы Кызыл-Кошчу айылында 1986-жылы туулган Дамир Амиракулов да ооруканага жетпей каза тапкан. Ошол эле айылда туулган Уланбек Зулпуев оор абалда бейтапканага жеткирилди. 
"Жүк-200дү" кыргыз жерине жөнөтүүгө КРнын Санкт-Петербургдагы консулдугу көмөктөшүүдө. Каражат жагын кыргыз жарандары иштеген "Петрострой" курулуш компаниясы моюнуна алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
medina.
2015-07-16 00:27:52
Он гулунун бири ачылбай кеткенин.Сабыр жакындарына.Аллах жакшы кундо алыптыр.Жайы жаннатта болсун.
+6
Alina1984
2015-07-16 00:38:35
Орозо кунундо каза болуптур,кырсык каш кабактын ортосунда деген чын ,Аллахым бейиштен орун берсин!!!
+6
kuba1
2015-07-16 00:41:46
Жаткан жерлери жайлуу болсун
+4
Gema
2015-07-16 00:47:08
Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун АКШ тарабынан сыйланышы эле чон сигнал бизнес.коросунор ушинтип майда митинг жана башкаларды кылып козгоп отурушуп бир отту жагышат бул акмактар.Алардын оз кызыкчылыгы бар бизде хаос кылып озулору басып алып озунун политикасын жургузушко.Абайлайлы.Кудай сактасын кичинекей Кыргызстаныбыз Украина же Сирииядай болуп калышынан.
+4
kama_future_millioner
2015-07-16 00:51:02
Жаман болуптур жакындарына сабыр берсин
+2
abdykadyrova
2015-07-16 01:08:00
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
+4
kadamjai90
2015-07-16 01:29:42
Jatkan jeriri jailuu bolsun jakyndarhna sabyr bersin allahym. Ooo mekendeshter boton jerde birimdiktuu boloilu

+3
nurchik05
2015-07-16 01:41:50
Жаткан жерлери жайлуу болсун аллахым ооруп жаткандардын шыпаасын берсин
+3
BAIELER81
2015-07-16 01:48:01
Жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым билип билбей кылган куноолорун ыйык орозонун кунундо кечирсин, кудай сактасын ботон элде иштеп журобуз...
+1
Istina1000
2015-07-16 02:05:06
Каап бечаралар, ата энесине эле кыйын болуптур да, жандары Жаннатта болсун, ылайым эле.....
+5
bermet104
2015-07-16 03:27:23
Жаткан жери жайлуу болсун! Аллахым бейишинен берсин! Кор тириликтин айынан журобуз да ушинтип дуйнонун ар бурчунда. Откондо да Тюменьден 10 кабаттан бир кыргыз жигит кулап кетип, коз жумду эле
+2
Peri76
2015-07-16 03:38:43
Аллахым жакындарына сабыр берсин,каза болгон балдардын жайы жанатта болсун, акыретин абат кылсын Аллахым.
+3
Akkaynt
2015-07-16 12:06:11
Жаткан жери жайлуу болсун жаш экен эле жигиттер Кара-Кулжанын кайсы жеринен болот экен так маалымат берип койсонуздар рахмат
0
Aizhanka91
2015-07-16 12:20:17
Дамир Амиракулов менин жээним болчу жайы жанаттан болсун!96эмес 86 аркасында ата-энеси,келинчеги,2кыздары калышты....
0
Rahim76
2015-07-16 14:32:11
Aizhanka91, Жайы жанната болсун.Кызыл Кошчудан болосунбу.
-1
Adako
2015-07-16 19:16:53
Жайлары Жаннаттан болсун! Калган омурлорун Аллахым бала-чакасына, бир-туугандарына берсин. Айтпайын десен болбойт дагы айтканга туура келет, ушул нерсенин баарына биздин бийликте отургандар куноолуу. Мамлекеттти тоноп отуруп, карапайым элди бизге окшотуп чет олколоп иштеп жан бакканга аргасыз кылган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан