Бишкек шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерине жана “Имарат Сервис” ишканасынын директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын директору Ш.У. Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерине Күрөңкеев көчөсүндөгү жер тилкесинин ижара акысынын (200 миң сом) төлөнгөнү боюнча жалган дүмүрчөк көрсөткөн. Бирок ал акча каражаты Бишкек шаарынын бюджетине түшкөн эмес. Мындан улам бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.