“Европанын мыкты футболчусу” наамына "Ювентустун" 5 оюнчусу, "Барселонанын" 3 оюнчусу көрсөтүлдү

УЕФА акыркы сезондун жыйынтыгына карап “Европанын мыкты футболчусу” наамынын ээсин аныктайт. Бул сыйлыкка талапкер 10 футболчунун ысымы белгилүү болгонун аталган уюмдун расмий сайты кабарлады. Маалым болгондой, добуш берүүнүн негизинде тизмедеги 10 футболчунун ичинен сыйлыкка негизги 3 талапкер иргелет. Ал эми сыйлык ээси 28-августта белгилүү болот. 

Тизмедеги футболчулар төмөнкүлөр: Эден Азар ("Челси"), Жанлуиджи Буффон ("Ювентус"), Артуро Видаль ("Ювентус"), Лионель Месси ("Барселона"), Неймар ("Барселона"), Андреа Пирло ("Ювентус"), Поль Погба ("Ювентус"), Криштиану Роналду ("Реал"), Луис Суарес ("Барселона"), Карлос Тевес ("Ювентус"). 

Кошумчалай кетсек, бул сыйлык Европанын ири лигаларында ойногон футболчуларга тапшырылат. Өткөн жылы бул сыйлыкты португалиялык футболчу, "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду утуп алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
warsaw.
2015-07-16 14:41:26
мунусунда Месси алса керек
0
Patriot...kg
2015-07-16 14:41:51
Роналду алга!
-2
eldar96
2015-07-16 15:03:20
Учтукго Азар дагы илешсе керек.
+1
nursultan1
2015-07-16 15:21:51
Месси 100% татыктуу.
-1
Rashinboy
2015-07-16 15:33:46
Каяктагы Месси, Роналдо алмак эле, Кыргызстандан мен алам аны
0
as.fanat
2015-07-16 16:39:35
Карлитос Тевезге бергиле эми...кичине суйунуп калсын, Европадан бир элес деп)))
+1
st1m_
2015-07-16 20:42:11
Пирлого бергиле аксакал кишиге, ушу менен озу деле кетсе керек чон футболдон.
+1
kyrgyz.93
2015-07-16 21:37:47
Неймар или месси алат
+2
RASTAMAN
2015-07-16 22:14:45
Hazard!!!!
-1
nursultan1
2015-07-16 23:50:55
Эхх футболду билгени да билбегени да жазыша берет экен да. Анда карып баратат, бир өмүрүндө сыйлык алып алсын деп Кержаковко деле берип коё бермек беле?! Быйылкы жылы Европада треблды багындырган жалгыз Барселона клубу экенин билесинерби, ал ийгиликтердин болушуна Лео Месси деген инсандын салымы эбегейсиз.
+1
Nur1k_
2015-07-17 02:26:52
Буюрса Кришти утат мунда да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан