Биз социалдык тармакта

Баткен облусундагы Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 0,8 гектар күрүч талаасын жараксыз кылды

Баткен облусундагы Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 0,8 гектар күрүч талаасын жараксыз кылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-июль күнү саат 15:00 чамасында күндүн ысышынан Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен суунун нугу оң тарапка бурулуп, дарыянын жээгиндеги 0,8 гектар күрүч талаасын жана 2011-жылы орнотулган габиондук торчолордун болжол менен 120 даанасын суу жууп кеткен. Ошондой эле 1 гектар талаага коркунуч пайда болгон. 2011-жылы курулган дамба болбогондо ички чарбалык көпүрө жана эгин талаалары жараксыз абалга келмек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurka85
2015-07-20 09:29:42
Кайран гана эллин мээнети. Мээ куйкалаган ысыкта отоп, карашып, эми минтип мээнети текке кетсе. Эхх, жашооо кыйындагандан кыйындап бара жатат.
+1
Minhi
2015-07-20 13:26:15
Дарыянын жээгине эмнеге эгишет жер куруп кеткендей
-1
Aza96
2015-07-21 00:28:23
Minhi, анан не ак уйго эгелиби? Жепутатар тузугурок жерге суу чыгарып бербесе. Жер суу жок куруп кетти да . жер Тургай осумдуктор куруп кетип жатаго .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан