"Шаардын 31 жаштагы тургунун ур-токмокко алган" деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу 20-июлда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучунун кулагы айрылып, башы жарылып, Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Ыкчам иш-аракеттерден улам бул кылмышка шектүү катары кармалган 46 жаштагы Ибрагим кармалды. Ал Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги аныкталды. Шектүү жабырлануучуну Ак-Буура дарыясынын боюнда уруп, денесине оор залалдарды келтиргени белгилүү болду.