Кыргыз мамлекети менен Австралия беттеши боюнча Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) КРнын Футбол федерациясына 3 дисциплинардык иш козгоду. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти
Асылбек Кадралиев билдирди.
Иш козголгон 3 маселе:
- Күйөрмандардын стадиондо өрттөнүүчү каражаттарды колдонушу;
- Күйөрмандын майданга чуркап чыгышы;
- Күйөрмандардын стадионго ашыкча киргизилгени.
"Азыркы учурда кандай жаза колдонулары белгилүү эмес. Акчалай айып пул сөзсүз төлөйбүз, ошондой эле максималдуу жаза катары мелдештен четтетүү жагы бар. Биз ФИФАнын чечимин күтүп жатабыз. Бул оюн бизге чоң сабак болуп берди, андыктан улуттук кураманын кийинки оюндарында мындай каталарга орун бербейбиз",- деди А.Кадралиев.