Башкы стадионду оңдоого 8 миллион сом каралды. Орундуктар алмашат, бактар кыйылат, көзөмөл камерасы коюлат (аткарылчу жумуштар, фото)

Жакында өкмөт тарабынан Бишкектеги башкы стадионду оңдоп-түзөөгө 8 миллион 159 миң сом каражат каралды. Быйылкы жылдын футболдук беттештерге бай болорун мындан билиңиз, жыл соңуна чейин аталган стадион 10дон ашык эл аралык беттештерди кабыл алат. 

Мелдештер башталарына аз калганына карабай стадиондо оңдоп-түзөө иштери уланарын айткан Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Эдил Касенов журналисттерди аткарылчу иштер менен тааныштырды. Анын айткандарын карап отуруп, күйөрмандар кандай өзгөрүүлөрдү көрө алышарын санап кетүүнү чечтик. Күйөрмандар көрө албай турган допингди көзөмөл кылуучу бөлмөнү, атайын адистер үчүн бөлмөлөрдү тизмеге кошкон жокпуз.  

1. "КАРТОШКА ӨСТҮРЧҮ МАЙДАН" ЭМЕС, ЭМИ ТЕГИЗ МАЙДАН БОЛОТ  

Австралиялык футболчулар Бишкекке келгенде стадиондун чөп өспөгөн жайларын сүрөткө тартып, "картошка айдоого мүмкүн экен" деп тамаша кылышкан. Эми Бишкекке келген чет элдик футболчулар мындай тамаша кыла алышпайт, себеби чөп өстүрүү жана майданды түздөө боюнча конкреттүү иш аткарылганы турат. Оңдоп-түзөө иштери дал ушул шибер чөптөрдөн башталат. Күнүгө сугарылып жатканына карабай, күндүн 40 градуска чейин ысып жатканына байланыштуу айрым жерлерде чөптөр күйүп кетти. Бул жерлерге кайрадан чөп отургузулат, майдандын үстү тегизделет. Жалпысынан көк майсаңды эл аралык талаптарга жооп берген абалга алып келүү үчүн 25 күн керектелет жана буга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 200 миң сом каражат сарпталат. 

2. БАК КЫЙЫЛАТ, ТОСМО БИЙИКТЕТИЛЕТ. "ЧЫГАРМАЧЫЛ" КҮЙӨРМАНДАР КАНТИШЕТ?   

Ошол эле Австралия менен болгон беттеш күйөрмандардын "чыгармачылыгы" менен эсте калган. Стадионго кире албай калгандар бакка чыгып кураманын беттешин көрүштү. Эми стадиондун тегерегиндеги бир топ бак кыйылганы турат. Ошондой эле стадионго тосмодон ашып түшкөн күйөрмандар да көп болгон. Буга карата тосмону 4 метрге чейин бийиктетүү планы каралууда. Буга дагы бир топ каражат керектелет. Сумманы тактап айтсак, туура 2 миллион 70 миң сом. 

3. КҮЙӨРМАНДАР ҮЧҮН ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ СИСТЕМИ ОРНОТУЛАТ

Оңдоп-түзөө иштеринде кийинки кадам кире бериштерге жарыктандыруу жана видеокөзөмөл системин орнотуу болот. Ошондой эле электрондук тактаны сыртынан жаап, каптоо иштери да болот. Анан да стадиондун тегерегин бактан арылтуу, иретке келтирүү, жарыктандыруу жумуштары аткарылат. Жалпысынан бул үчүн 800 миң сом каражат кетет. 

4. КҮЙӨРМАНДЫН МАЙДАНГА ЧУРКАП ЧЫКПООСУ ҮЧҮН ТОСМО ОРНОТУЛАТ 

Кыргыз футболчулары Австралиянын дарбазасына гол киргизгенде бир күйөрман майданга чуркап чыккан. Бул үчүн Футбол федерациясы Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) тарабынан жазалануу алдында турат. Андыктан күйөрмандар майданга оңой менен чуркап чыкпагандай кылып атайын тосмо орнотулат. Тосмонун бийиктиги кем дегенде 1,5 метрди түзөт. Ошондой эле секторлордун ортосуна да 2 метр келген тосмолор орнотулат. Болжолдуу коротулчу каражат: 700 миң сом.

5. КАДЫРЛУУ КОНОК КҮТКӨНГӨ КАМЫЛГА же VIP ОРУНДАР КӨБӨЙӨТ  

Кыргыз футболчуларынын Австралия менен беттеши жогорку деңгээлде өтүп, бийлик тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулган. Анда өкмөт башчы Темир Сариев жана башка бир катар бийлик өкүлдөрү келип, стадиондо отурушкан. "Эми бийлик өкүлдөрү көп келе башташса..." деген үмүтпү же учур талабыбы белгисиз, VIP орундар көбөйөт. Ошондо болжол менен эки капталга 3 метрден аралык узарат. Ошондой эле күйөрмандар отуруучу жактардан 2 миңдей орундук алмашылат. Бул иштер үчүн 1 миллион 660 миң сом каралган. Акчанын көбү орундук алмаштырууга пайдаланылат (1 миллион 600 миң). 

6. ТУРНИКЕТ ОРНОТУЛАТ 

Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы (стадион боюнча жооптуу мекеме) күйөрмандарды кабыл алууда жана узатууда бардык эшиктерди пайдаланууну пландоодо. Мунун эсебинен аз убакытта көп күйөрманды стадионго киргизүү, баш аламандыкты жоюу иштери камсыздалат. Анан кирип-чыккандарды катуу көзөмөлгө алуу үчүн ар бир эшикте атайын турникет (тосмо) орнотулат. Бул ФИФАнын талабы, андыктан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө аталган башкармалык менен КРнын Футбол федерациясы биргелешип иш алып барат.  


7. ФОНТАН КОЮЛАТ, ДӨЛӨН ӨМҮРЗАКОВДУН ЭСТЕЛИГИ ТУРГУЗУЛАТ  

Башкармалыктын директору Эдил Касенов билдиргендей, стадиондун аймагына фонтан коюлат. Ошондой эле Кааба уулу Кожомкулдун эстелигинин тушуна Дөлөн Өмүрзаковдун эстелигин тургузуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Бирок ал иштердин стадионду оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн 8 миллион 159 миң сомго тиешеси жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurshoola
2015-07-20 20:03:40
жакшы жакшы эми коробузго кандай болорун иш жузуно ашсында
+4
kama_future_millioner
2015-07-20 22:05:31
Жакшы эми ошолордун баары иш жүзүндө сапаттуу жана өз убагында бүтсүн
+1
doni89
2015-07-20 23:36:04
Жакшы блотго ушул план толугу менен аткарылса....анан бул акчаларда бирөөнүн сөнтөгүнө түшүп калбаса эле болду)))
+2
AFFANCULO
2015-07-20 23:47:05
Жакшы болмок ушунун баары иш жузуно ашса, ашат деп ишенип туралы он чонток сол чонтокко кетпейт деп умут кылып
+1
friendwipkg
2015-07-21 01:19:11
андан көрө картошка экпейсиңерби.
0
beka1207
2015-07-21 01:26:14
friendwipkg, пайда алып келет дейсинби)))
0
Gema
2015-07-21 01:27:50
Эми ошо болунгон акча бир сомуна чейин багытталган жака сапрталса кана,ортодон жеп ичкмчтер жеп кетпей!!!
+2
Book
2015-07-21 01:46:46
Билет саткандарды тартипке келтириш керек биринчиден,мүмкүн болсо билетти ортомчумар аркылуу эмес,кассадан саттырыш керек...
+1
Decmond
2015-07-21 01:57:49
25 кунго жетпей эле 200 миллион сомду сарптап салбагыла!!!
0
richman.kg
2015-07-21 02:03:53
солдаттар орус марш тепкендей "левый, левый, раз, два, три" болуп кетсе керек
0
karona
2015-07-21 11:37:50
"Чыгармачыл" куйормандар кай жерде болбосун, кандай шарт болбосун баары бир бир айласын табышат.
0
Hernandez
2015-07-21 14:16:48
Камп Ноу дай стадионду элестетип кеттим, ошондой стадионго жетчу кунубуз бар болду бекен биздин да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан