“Дордой” базарынын соодагерлери кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүп, чемпионду аныкташты

18-19-июлда Бишкекте “Дордой” базарынын соодагерлеринин кичи футбол боюнча мелдеши болду. Анда базардын соодагерлери өтмөктөрүнө карата командаларга бөлүнүп таймашышты. Чемпиондукка ат салышкан командалардын саны 25ке жетип, күрөш 2 күнгө созулду. Биринчи күнү тайпалык баскыч өтүп, экинчи күнү ыргымай оюндарынын негизинде байге ээлери аныкталды. Муну уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйынтыгында “Килем” командасы чемпиондук наамды камсыздады. “Килемчилер” финалда кошумча убакытта “2-өтмөктү” пенальтилер сериясында утту. 3-орунга “Борбордук өтмөктүн” футболчулары жетишти. Байгелерге токтолсок, алдынкы 3 орунду камсыздаган командалар кубок, медаль, акчалай сыйлык жана Ысык-Көлдө эс алууга жолдомого ээ болушту.

Мындан тышкары жеке номинациялар боюнча да жеңүүчүлөр тандалып, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Мыкты дарбазачы” – Тилек Ниязбек уулу (2-өтмөк)

“Мыкты коргоочу” – Азат Замир уулу (“Обменка”)

“Мыкты жарым коргоочу” – Закир Мадинсе (“0-өтмөк”)

“Мыкты чабуулчу” – Бакай Дооронбеков (“Килем”)

“Мыкты оюнчу” – Бакыт Кайкеев (“Борбордук өтмөк”)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Мэри
2015-07-20 18:28:42
Жакшы иш кылыптырсыңар, азаматсыңар! Командаларыңардын аталыштары да жакшы экен)))
0
Danel
2015-07-20 18:29:29
Соодагерлер жакшы идеяны ойлошуптур))
0
ttatt
2015-07-22 18:10:12
Охоо, Тилек Ниязбек уулу чындыгында мыкты дарбазачы. Ишенип койгула)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан