Маалымат жыйынында "коррупцияга тиешеси бар" делген Зепп Блаттерге шылдың иретинде тутам-тутам акчалар чачылды

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Аткаруу комитети аталган федерациянын жаңы президентин 2016-жылдын 26-февралында шайлай турганын жар салды. Мындай чечим кезексиз отурумдун жүрүшүндө кабыл алынганын аталган уюмдан кабарлашты.

Маалым болгондой, отурумдан соң ФИФАнын президенти Йозеф Блаттердин катышуусунда маалымат жыйыны орун алды. Ал жыйынга киргенде британиялык күлкү жаратуучу Ли Нельсон эл алдына чыгып, Блаттерди көздөй тутам-тутам жасалма акчаларды чачып жиберди. Анын бул кылыгын “Бул акчаларды 2026-жылы Дүйнө чемпиондугун Түндүк Кореяда өткөрүү үчүн ал” деген сөздөр коштоду. ФИФАнын президенти ыңгайсыз абалда калып, залдан чыгып кетүүгө мажбур болду. Учурда ири басылмалар бул кылык Блаттерге коррупцияга катыштыгы бар экенин эскертүү иретинде жасалганын айтышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurshoola
2015-07-21 12:26:44
кызык
0
M89
2015-07-21 12:36:57
Биздикиилердин бетине чачсан, кайра терип кетет болуш керек
+6
bosmos777
2015-07-21 12:39:46
Акча алса да ! Оруссия жана Орто Азияга жакшы иш кылды ! Айрыкча Футбол куйормандары учун!
+2
sladkaja_konfetka
2015-07-21 13:10:35
жасалма акча болчу...
0
bars06
2015-07-21 13:19:12
Ooo jakwy eken,bizdin 4inovniktergeda owentet okwoibuz.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан