Футзал боюнча өлкө чемпиону “Эмгек” командасы Азия чемпиондугуна даярдык көрүү үчүн Иранга жөнөп кетти

Футзал боюнча акыркы сезондо өлкө чемпиондугун утуп алган "Эмгек" клубу Азия чемпиондугуна даярдык көрүү үчүн Ирандын Тегеран шаарына жөнөп кетти. Азия биринчилиги 31-июлда старт алып, 7-августта жыйынтыкталат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, команда Бишкекте да 2 апта машыгуу сборун өткөрдү. 23 оюнчунун ичинен 12 оюнчу тандалып, Иранга жөнөдү. 

Кошумчалай кетсек, "Эмгек" командасы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында Өзбекстандын чемпиону "Локомотив" жана Япониянын чемпиону "Нагоя Оушенз" менен кез келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ramazan.9500
2015-07-21 14:40:58
Силерге ийгилик Кырзызстандын атын чыгаргыла.
+1
beka1207
2015-07-21 15:16:25
Футзал дегени эмнеси
-1
as.fanat
2015-07-21 15:21:06
beka1207, залда ойнолуучу футбол деген окумягян))) же болбосо минифутбол!)
0
marmiladka9
2015-07-21 16:03:48
ийгилик каалайбыз. анан да
Тиги казак боордоштортун котормосу абдан суктандырды. Биз да Манас эл аралык аба жайы же Ош эл аралык аба жайы деп бадырайтып жазып,чыкыйтып шарты тузуп койсок сооонун болмок!
0
beka1207
2015-07-21 16:45:57
marmiladka9, Мармиладка карындашым...казактарды туурайбыз деп олсо ололубу эми))))"Ош эл аралык аба жайы деп")))
0
nursultan1
2015-07-21 20:54:20
marmiladka9, бизде "аба майдан" деп коёт.
0
Maks_shop
2015-07-21 19:51:31
Япондор күчтүү
0
marmiladka9
2015-07-22 01:20:13
кечиресиздер туурабай эле бизде тилди барктабаганына айттым эле. Аба майданды билип алдым рахмат.
0
RASTAMAN
2015-07-22 12:31:16
Ийгилик!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан