11 жаштагы кыргыз футболчусу
Автандил Дүйшөев түркиялык 4 ири футболдук клубдун бири "Бешикташтын" кичи футбол боюнча жаштар курамында 1 жыл ойноп келди. Каралган келишим боюнча, жаш футболчунун 12 жашка толгонго чейин ойноого мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу "Sun City" футболдук клубунун өкүлү
Канат Деркинбаев билдирди.
Анын айтымында, Автандил өзү курактуу футболчулардан ылдамдыгы менен айырмаланат жана чечим чыгарууда, өнөктөштөр менен байланыш түзүүдө мыкты. Ал учурда Стамбул шаарында жашап, түрк мектебинде окуп, "Бешикташтын" курамында машыгууда. Анын кийин чоң футболго өтүп, ийгилик жаратарына көптөр үмүт артышат.
Ал эми футболчу өзү төмөнкүлөргө токтолду: "Түркиядагы машыгуу бир топ күчтүү. Ал жакта машыгууда жалкоолук кылсаң же чабалдык кылсаң, машыктыруучу урушат. Ошондой эле бизде ар апта сайын бирден жолдоштук беттеш болот. Мен Германияда, Албанияда, Түркияда өткөн бир катар эл аралык мелдештерде мыкты футболчу болуп табылдым. Жалпысынан "Бешикташтын" курамында 143 оюн өткөрүп, 37 гол киргиздим".