Футбол боюнча олимпиадалык кураманын капитаны
Тамирлан Козубаев литвалык "Гранитас" клубу менен келишим түздү. Келишим сезондун аягына чейин түзүлгөнүн КРнын Футбол федерациясы бүгүн, 22-июлда маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган клуб Литванын Жогорку Лигасында ойнойт. Өлкө биринчилигинин экинчи айлампасы бүгүн старт алат жана ноябрь айында жыйынтыкталат.
Кошумчалай кетсек, Тамирлан акыркы сезондо Бишкектик "Алга" футболдук клубунун курамында болду.