Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жашаган 10 жаштагы
Дарья Яицкая Орусиянын президенти
Владимир Путиндин атынан сейрек кездешүүчү тукумдагы күчүктү белекке алды. Аны Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси
Андрей Крутько кызга жеткирип берди. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына 23-июлда элчиликтен билдиришти.
"Дарья суранган күчүктү издеп, ал Казакстандан табылды. Кыргыз жерине алып келгенден кийин бүгүн эртең менен окуучу кызга алып барып беришти",- деп билдирет Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги.
Маалыматка караганда, 4-класстын окуучусу май айында ньюфаундленд тукумундагы күчүктү белек кылууну суранып Владимир Путинге кат жөнөткөн. Кыздын катына Кремлден жооп келип, Дарьяга Путиндин атынан 6 айлык күчүк жиберилди.