Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча агенттигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда аталган мекеменин директору Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, толук кандуу агенттик катары иштеш үчүн 25 кызматкерден турган жамаат аздык кылат.
“Биздин адистердин санын 2016-жылга чейин 40, 2017-жылга чейин 50 жана 2018-жылга чейин 60 адамга көбөйтүү керектигин билдиребиз. Муну менен катар Каржы министрлиги Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча агенттигинин кызматкерлеринин айлыктары үчүн түзүлгөн атайын эсепти жаптырып салды. Учурда адистер болгону бюджеттик акчага иштеп жүрүшөт”,-деди директор.
Элебаев жыйынга катышкан вице-премьер-министр Валерий Дилге кайрылып, ушул маселелердин чечилишин кароону сунуштады.
Бүгүнкү күндө агенттикте орто эсеп менен адистер 5 миң сом айлык алары белгилүү болду.