Көмүр, нефть, газ жана отун өндүрүүчүлөр күнүнө карата Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 16 кызматкери өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2015-2016-жылкы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүгө арналган жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.
Айта кетсек, өлкөдө август айынын акыркы жекшембисинде Көмүр өндүрүүчүлөр күнү белгиленип келет. Ал эми сентябрь айынын биринчи жекшембисинде нефть, газ жана отун өндүрүүчүлөрдү кесиптик майрамы менен куттуктоо салтка айланган.