Дыйкандар Бажы биримдигине киргенден кийин айыл чарба продукцияларынын экспорту көбөйөт деген үмүт менен бир катар өсүмдүктөрдү былтыркыга салыштырмалуу көп айдашкан. Бул тууралуу 23-июлда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жашылчалар 47,6 миң гектарга айдалып, былтыркыга салыштырмалуу 2,7 миң гектарга көбөйтүлгөн. Дүң жыйымы 977,7 миң тоннаны түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 58,0 миң тоннага көп өндүрүлүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары картошка 82 миң гектарга айдалып, былтыркыга салыштырмалуу 3,1 миң гектарга көп же дүң жыйымы 1356,3 миң тоннаны түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 35,6 миң тоннага көп өндүрүлүүсү күтүлүүдө. Ал эми коон жана дарбыз 10,1 миң гектарга айдалды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 0,8 миң гектарга көп же дүң жыйымы 222,0 миң тоннаны түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 21,7 миң тоннага көп өндүрүлүүсү күтүлүүдө.
Бүгүнкү күнү түштүк аймактарында эрте өндүрүлгөн картошка, капуста, пияздын түшүмдөрүн жыйноо аяктап калды.