Бишкекте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча коомдук кабылдама ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жардамга муктаж жарандарга юридикалык жардам көрсөтө турган кабылдама Ленин районунун администрациясынын 1-кабатында ачылды. Ал акимиат менен “Сорос-Кыргызстан” фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында иштей баштады.