Өкмөт жооп берет: 7 жаштагы уулум Өзбекстандын жараны, ага Кыргыз Республикасынан туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алам?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Мен Кыргыз Республикасынын жаранымын. 7 жашка толгон балам бар. Ал Өзбекстандын жараны. Ошол балама Кыргыз Республикасынан туулгандыгы тууралуу күбөлүк алайын деген элем. Кандай документтерди топтошум керек? Суроо калтырган Chayan555

Жооп: - Башка өлкөнүн жараны 7 жашка толгон болсо, анда ага Кыргыз Республикасында туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейт. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгысы келсе, баланын атасынын жазуу түрүндө макулдугу керек, анткени мыйзам боюнча 18 жашка толо элек балдардын жарандыгын алмаштырууну атасы чечет. Эгер баланын атасы жана бала Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыз болсо, жергиликтүү паспорт бөлүмүнө кайрылышы керек. Ал жактан анкета толтурушат, мындан сырткары апасынын же атасынын паспортунун көчүрмөсү, Өзбекстандын жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз, апасынын же атасынын 2 сүрөтү, жашаган жеринен маалым кат болушу зарыл. 

Суроого Мамлекеттик каттоо кызматынын Жарандык жана миграция маселелери боюнча бөлүмүнүн адиси Назгүл Абакова жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Artyr1994
2015-07-24 11:43:26
Урматтуу суперчилер силер менин сунушумду жнткирип койунуздарчы сураныч... Эмнеге Озбек Тажик Татар улутундагыларга 1 жуманын ичинде паспорт берип койот. Алар болсо сразу Сирияга кетип орто жолдо Кырыгыздарды жаман аты кылып.
+3
Artyr1994
2015-07-24 11:45:56
Паспорт столдогуларды бекемирек кармаса болбойбу? Коррупция дал ошол жерде. Озбекине Тажигине да паспорт бере берет акчаны тажтап койсо эле. Мен озум да кубо болдум. Кара-Суу р.н паспорт столундагылар Озбек улутундагылар
+6
chynara-84
2015-07-24 13:56:06
Саламатсыздарбы Супер инфо?Менин да турак-жайга байланыштуу суроом бар эле.Кантип жана кайсы адреске жонотсом болот?Коптон бери билбей журом кимге кайрылаарымды.
0
admin_superstan
2015-07-24 17:02:01
chynara-84, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп калтырсаңыз болот:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=115
0
maestro123
2015-07-24 14:34:50
Ата энеси кыргыз жарааны болсо бала 18 жашка толгондо ала берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан