Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
2015-жылы “Капиталдык
салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен өлкө
боюнча 1,4 миллиард сомго 271 объект курууну пландаштырган. Бул тууралуу бүгүн,
24-июлда аталган мекеменин директору Турдубек Мамбетов агенттиктин 1-жарым
жылдыгы үчүн аткарган иши боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди. Анын айтымында, жогорудагы
каражаттын учурда 529,1 миллион сому бөлүнүп берилди. Бул сумманын 447,5
миллион сому же 84,6 пайызы өздөштүрүлдү.
“Быйыл тизмеге
кирген объектилерге анализ жүргүзүүдө 55,4 пайызы өтмө, 44 пайызы жаңы
объектилер экени маалым болду. Бул жылы 193 мектеп, 24 бала бакча, 20 саламаттыкты сактоо объектилери,
15 спорттук комплекс, 7 Маданият үйү, 5 суу менен камсыз кылуу объектилери
жана башкалар курулат деп пландаштырылган”,- деди Мамбетов.