Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 30 пайызы мыйзам бузуу менен салынып жатканы айтылды

“Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 30 пайызы мыйзам бузуу менен салынууда”. Мындай пикирин бүгүн, 24-июлда журналисттерге Бишкек шаарынын башкы архитектору Бакыт Абдиев билдирди. 

Анын айтымында, учурда борбордо 200 көп кабаттуу үй курулуп жатат.

Мыйзам бузуу учурлары көбүнчө долбоордук документте көрсөтүлгөн курулуш материалынын ордуна башка сапатта, начарын колдонууда катталат. Быйылкы жылдын январь айынан бери мындай учурларды кароо Экотехинспекцияга жүктөлгөн. Бирок ошол эле учурда биз байкаган мыйзам бузуу фактылары болсо, өзүбүздүн расмий сайтка жарыялап, тиешелүү органдарга билдирүү жөнөтөбүз.

2015-жылдын башынан бери көп кабаттуу үйлөрдү салып жаткан бир нече компаниялар экономикалык каатчылыкка байланыштуу курулуш иштерин токтотушкан”,- деди Абдиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Takai
2015-07-24 16:28:58
Эми алар акча берсе баары мыйзамдуу болуп, кайра эле иштерин улантатат да. Кайсы компаниялар экенин ачык эле айтышпайбы. Эртен урап калганда кеч болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан