2012-жылдан бери авариялык абалдагы 263 мектептин ичинен 6 мектеп кайра курулуп, ишке берилген. Муну бүгүн, 24-июлда журналисттерге Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, алардын экөөсү жергиликтүү бийликтин өз демилгеси менен салынган.
“2010-жылдан баштап биз өлкөдөгү 2222 мектептин, 809 бала бакчанын абалын текшерип, 2012-жылы алардын ичинен 263 мектеп жана 11 бала бачка урап калуу коркунучунда экенин аныктаганбыз. Учурда 255 “кызыл” зонага кирген мектепин 55ин быйыл титулдук тизмеге киргизип, ишке берели деп турабыз. Ал эми калган 200 мектептин жүзүн "Жер-Үй" кенинин эсебинен кайра куруп, жүзүн капиталдык оңдоодон өткөрөбүз”,-деди директор.