Табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган 7316 үй-бүлө мамлекеттик жардам менен камсыз боло элек. Мындай маалымат Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн аткарган иши боюнча документинде жазылган. Анда: "Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири табигый кырсыктардан жабыркаган өлкөнүн калкына турак жай алуу үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуда жана акысыз жардам менен камсыз кылуу болуп саналат.
2015-жылдын 1-июлуна карата табигый кырсыктардан жабыркаган үй-бүлөлөргө болжол менен 1 миллиард 361 миллион сом керектелет. 2572 үй-бүлө 284,3 миллион сом суммасында жеңилдетилген ссуда ала элек. Азыркы учурда Каржы министрлиги тарабынан 230 миллион сом суммасында 3032 мамлекеттик үлгүдөгү ипотекалык сертификат аймактарда таратылууда",-делет.