Былтыр өлкөдө 63 объект салынып ишке берилген, алардын 40ы - мектеп. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда журналисттерге Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, 62 объект республикалык бюджеттин эсебинен курулса, 1 объект Казакстандын гранттык акчасына салынган.
“2013-жылдын 11-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “КРнын мектеп куруу жөнүндө” макулдашуунун алкагында эки жалпы билим берүү мекемесин (мектеп) куруу пландаштырылган.
Ушул макулдашуунун алкыгында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушунда 500 окуучуга ылайыкталган мектеп бүткөрүлгөн. Ошондой эле Ош шаарында 500 окуучуга ылайыкташкан “Сулайман-Тоо” мектеби боюнча азыркы учурда аткаруучу ишкана аныкталып, мектептин курулушуна келишим түзүлгөн жана жер казуу иштери башталды”,- деди Мамбетов.
Мындан тышкары Мамбетов 2015-жылы Түркия Республикасынын Өкмөтү менен КРнын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн насыялык келишимге ылайык, 35 мектептин белгилүү бир баскычын бүткөрүүгө 278,5 миллион сом каржылоо каралганын айтты. Учурда тендер боюнча иштер жүргүзүлүүдө.