Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда. Бул тууралуу 24-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги рейдинде Дэн-Сяопин жана Көкчө-Тоо көчөлөрүндө уруксат кагазы жок туруп жер тилкесин кеңейтип алуу фактылары аныкталган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен менен дубал сүрдүрүлүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.