Ала-Бука районунда “Бозумчак” кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Көк-Таш айылынын тургуну Жанышбек Умаров билдирди.
Маалыматка караганда, митингге чыккандар Ала-Бука – Көк-Таш унаа жолун тосуп алышкан. Алар жумушчулардын 70 пайызы жергиликтүүлөр болушу керектигин айтышууда. Ошондой эле ички чарбалык жолдорду оңдоону талап кылып жатышат.