АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) Космосто Жерге окшош планета табылганы тууралуу айтып чыкты. Муну Вашингтондо өткөн онлайн-маалымат-жыйынында айтылган билдирүүгө таянып 24-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Планетаны Күн системинин чегинен орбитага чыгып башка планеталарды издеген "Кеплер" космостук телескобу тапкан.
Kepler 452 деп аталган планета Күнгө окшош жылдызды айланып турары белгилүү болгон. Анда 1 жыл 380 күнгө барабар экени маалымдалды. Адистер аталган планетада жашаса болорун, бирок физикалык жана химиялык көрсөткүчтөрүн изилдеп чыгуу керектигин белгилешет. Жаңы табылган планета 6 миллиард жыл мурун пайда болгону божомолдонууда (Жер планетасы 4,5 миллиард жыл мурун пайда болгону айтылат). Анын өзү айланган жылдыздын ортосундагы аралыгы, планетанын бетинин катуулугу ал жерде жашоо болушу мүмкүн экендигин жоромолдоого түрткү берет.
"Кеплер" телескобунан алынган маалыматтарды анализдөө боюнча адис Рон Женкинс: "Биз буга чейин Жерге ушунчалык окшош планетаны көргөн эмеспиз",- деп билдирген.