Кыргыз бильярдчысы Дастан Лепшаков Казакстанда өтүп жаткан Азиянын Ачык биринчилигинде коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Дастан финалга жолдомо ойнотулган беттеште украиналык Артур Пивченко менен кез келип, 7:4 эсебинде утулуп калды. Пивченко финалга чыкса, жеңилип калган Д.Лепшаков мелдештин коло медалын камсыздады.