Ала-Бука районунда “Бозумчак” кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы митинг өткөрүп жаткандар таркашты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, митингге чыккандар Ала-Бука – Көк-Таш унаа жолун тосуп алышып, жумушчулардын 70 пайызы жергиликтүүлөр болушу керектигин жана ички чарбалык жолдорду оңдоону талап кылышкан. Кечээ ал жерге район акими барып, митингчилер менен сүйлөшүү жүргүзгөн, бирок алар жолду ачышкан эмес. Бүгүн алар ишканага коюлган талаптарды аткаруу үчүн 28-июлга чейин убакыт беришип, саат 09:30да таркап кетишти.