Бүгүн Алай районунун Тулпар-Көл жайлоосунда туристтерге арналган фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда аталган райондун тургуну Өмүрбек Тагайкулов SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, фестивалдын алкагында туристтерге кыргыз маданияты көрсөтүлүп, ат оюндары болот. Ошондой эле кыргыз күрөш, кыз куумай жана башка спорттук иш-чаралар да уюштурулган.