Токтогул районунда жапайы өскөн кара куурай жок кылынып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, облус боюнча жалпы 607 гектар жерде кара куурай өсөт. Анын ичинен 483 гектары Токтогул районунда. Аны жок кылуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, техникалар менен жабдылган. Учурда Токтогул районунда 20 гектарга жакын жер тазаланды.