"Ислам мамлекети" тобу видео аркылуу кыргыз элине кайрылуу жолдоду

"Ислам мамлекети" террористтик тобу "Кыргызстандын элине кайрылуу" деп аталган видеотүрмөк жарыялады. Видео интернетке (YouTube) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин YouTube видеохостингинин администрациясы аны өчүрдү. Kloop.kg`нин өкүлдөрү тасманы көрүп, андагы кадрларды тартып алууга жетишкен. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алган. Анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталганы айтылды. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам, эрежелер менен жашап жатканы белгиленген.
Видеотасма төмөнкүдөй жазуу менен бүтөт:
"Бул кайрылуудан бир аптадан кийин биздин боордош Бейжи шаарына аттанып, муртаддарга каршы салгылашка катышты. Айыгышкан кармашта ал жаракат алды, биз Жараткандан анын калыбына келүүсүн сурайбыз".
Эскерте кетсек, мындан 10 күн мурун Бишкекте жардыруу уюштурууну көздөгөн топ жок кылынган. УКМК өлтүрүлгөн жана кармалган жарандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экенин жарыялаган эле. Бишкектеги аталган топту каржылап, көмөктөшкөн деп күнөөлөнүп Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов аэропорттон кармалып камакка алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (93)
nura.177
2015-07-26 23:02:04
Кудай сактасын жерибизди, согуш болбосун. Бирок бийликтегилердин эле жасаганындай туюлат мага да,ошондой эле болсунчу. Эмне учун 6саатта суротко эле тартып калышат,видеосун деле кочурсо болотко, табышмак.
+1
kursantvs
2015-07-27 01:05:50
кыргызстан куралдуу кучтору буларга жол бербейт
+3
TOMMYHILFIGER
2015-07-27 01:14:51
Моорой бергилечи каалашынарча. Кыргызымдын кашык каны даже тамчы каны калсада силерге жол бербей калдыкго чиркин
+4
anar-87
2015-07-27 01:33:36
ушул интернет бир жагынан зияан, ушуго окшогондор терс корунушту таркатып жашына жашап жаткан элди дургутуп. Эн негизгиси эч кимге ишенбегиле. элибиз тынч жерибизде бейкутчулук болсун. Азыр отоо оор абал Кыргызстандын башчылары озулору биригип, бир жакадан кол, бир жакадан баш чыгарып туура багыт баштаса эч ким, эч качан каршы туралбайт!
+7
Gulnaz.GS
2015-07-27 01:36:48
Ошон учун кыргызча эле жашап журолучу кыргыздар.ар кимди ээрчибей
+5
AFFANCULO
2015-07-27 01:51:48
биздин жигттер турганда мен эч нерседен корпойм! ! билем биздин жигиттер элим, жерим, суйгонум дегенде эч нерсесин аябайт! !июнь апрель окуясында далилдеп коюшту го! кызуу кандуу келишет биздин жигиттер, бир нерсени баштаса аягына чыкканча, женгенче аягына чейин бекем турушат! биздин ата бабаларыбыз деле кандай болушкан Улуу Ата Мекендик согушту эле эстеп коргулочу! Биздин эркектер тайманбас болгон учун Кыргыз мамалекети туптолуп, сакталып келатат! Кудай буюруп чондорубузга акыл эс кирсе онолоо
+5
Amantur.
2015-07-27 03:37:52
AFFANCULO, бирок бул жерде башка,олуттуу маселе болуп жатат.Бир диндин адамдары бири-бири менен дин үчүн урушканда анык каша башталат.Динге туура эмес же өтө катуу берилгендер,түшүнүгү тарлар,акчага зарыл адамдар бул чөөлөрдүн артынан ээрчип кетиши толук мүмкүн.Ошондуктан дин жаатын өтө катуу көзөмөлгө алууну тезинен баштоо керек.Бул алдын-ала коргонуунун эң күчт
+3
Faina
2015-07-27 02:37:47
Биз россияда журобуз.Кайсыл жерде журбойлу кыргызстаным аман болсо экен деп кудайдан суранабыз.Элибиз аман болсо экен.
+8
nurik903
2015-07-27 03:03:51
буларды тэзинен кармаш керек дагы бир нерсе башталып кете элекде
+6
Amantur.
2015-07-27 03:40:34
Мага дагы бул жүз негедир тааныш,бир жерден көргөндөймүн.Тезинен табуу керек!
+2
Maksat81
2015-07-27 03:41:54
Динге жанынар менен берилгендер дымынар чыкпайт го.Ушундай фанаттар биздин тубубузго жетет.Кечээ Сариев кыргыздын каада салтын урматтайлы эсин барда этегинди жап десе жети атасына чейин асылып бакырып жатышты эле.
+9
osh93
2015-07-27 04:14:48
Maksat81, Булардын динге кандай тиешеси бар?
-3
Maksat81
2015-07-27 04:36:09
Динге тиешеси бар сопсонун эле. Беш жылдан бери намаз окуп, мени да жума намазга бар жок дегенде деп, чогу барып жургон таанышым бир жылдан бери сирияга кеткен боюнча дайынсыз, акыркы жолу одноклассникиден суйлошкон боюнча.
+3
Mavlyuda
2015-07-27 08:13:12
Кудай деп коет дагы.
+3
Abdurahman
2015-07-27 09:30:19
Урматтуу Кыргыз элим!Чындыгында Аллах билет бул адам ким,ИМдин мучосубу же башка бироонун атайын жасаган чагымчыл ишиби,ким болбосун эмне иш кылбасын Кудай алдында жооп берет.Бирок биз паникага алдырбай,кобуртуп жабыртпай туура талдап туура ойлонолу
-1
skatoruk
2015-07-27 12:34:37
Бул жер точно Сирия эмес Кыргызстан . Аркасындагы дарак ийне жалбырактуу дарак , Арча го Сирияда менимче арча оспойт.
-1
skatoruk
2015-07-27 12:38:13
Флора Сирии. Склоны гор покрыты лесами (дуб, сосна, кипарис, лавр), которые занимают до 3% территории страны, также встречаются тополь, тамариск, каштан, эвкалипт. По мере увеличения высоты леса переходят в альпийские луга. В оазисе Пальмира произрастают пальмы.

Источник: http://geographyofrussia.com/siriya/
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан