Өткөн аптада Баткен облусунда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана бул багытта активдүү иш алып баруу максатында 3-Эл аралык форум Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлдү. Бул тууралуу 25-июлда Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүп, айыл чарба багытында инвесторлорду тартууга багытталган экономикалык форумга КРнын Президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун катышуучулары Кызыл-Кыя шаарындагы ири ишканалар менен таанышты. "Кызыл-Кыя" эс алуу багында форумдун расмий бөлүгүнүн ачылышы болду. Анда облус жетекчиси Жеңиш Разаков бул форум айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана өркүндөтүүгө багытталгандыгын жана форумдун жыйынтыгы менен облустун өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү пайда болорун баса белгиледи. Ошондой эле КРнын Президентинин аппаратынын өкүлү М.Сазыкулов президенттин атынан куттуктап, форумдун жүрүшүнө ийгиликтерди каалап кетти.
Андан соң Кадамжай, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларынан аймагындагы суу жана дыйкан чарба башчыларынын, багбан-дыйкандардын катышуусунда көргөзмө-жарманке уюштурулду.
3-Эл аралык форумдун катышуучулары пленардык жыйында Баткен облусунун айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө реалдуу аракеттерди жасоо маанилүү экендигин белгилешти.
Форумдун жыйынтыгында КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Баткен облусундагы ири ишканалардын чет өлкөлүк инвестор ортосундагы 3 тараптуу келишимге кол коюлду.
Аймакка инвестиция тартуу боюнча 3-ирет өтүп жаткан экономикалык форум катышуучулар тарабынан жогору бааланып, Кызыл-Кыя шаарындагы 3-Эл аралык форум Баткен облусунун гана эмес, жалпы Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын чындоого жумшалган ийгиликтүү аракет болгондугу баса белгиленди.