Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 26-июль күнү саат 17:55 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 4-чакырымында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 1 адам каза таап, 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.