Бүгүн, 27-июлда
(саат 10:00гө карата) Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 61 сом 10 тыйын, рубль 1 сом 4 тыйындан сатылып жатат. Ал эми 1 доллар 60 сом 60 тыйын, 1 рубль 1 сом 3 тыйындан сатылып алынууда. Доллардын курсу
14-июлдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 сом 85 тыйынга төмөндөдү. 14-июлда 1 долларды сатып алуу 62 сом 60 тыйын, сатуу 62 сом 95 тыйынга чыккан. Ушул эле жылдын март айынын соңунда доллар кескин көтөрүлүп, 1 долларды сатып алуу 65 сомго жеткен. Июнь айында доллардын куну 60 сом 10 тыйынга түшкөн.
Ал эми рубль 13-июлдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 тыйынга жогорулады.