“Кең-Булуң-унаа жол” өткөрүү жайында казак жараны ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, казак жараны Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстанга чыгууга аракет кылган. Анын унаасын текшерүү учурунда LOM-S-1 үлгүсүндөгү бир даана тапанча 98 даана огу менен табылган. Учурда бул боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган жаран укук коргоо орандарына өткөрүлүп берилди.