Акыйкатчы институтунун Таластагы өкүлчүлүгүнүн алдында зордуктоого шектелген сот аткаруучулардын жакындары митинг өткөрүп жатышат

Акыйкатчы институтунун Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдында зордуктоого шектелген сот аткаруучулардын жакындары митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июль күнү SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунун Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаева билдирди.

Анын айтымында, сот аткаруучулардын жакындары анын кызматтан кетишин жана К.Арабекованын укугун коргоодон баш тартышын талап кылышууда.

Зордуктоого шектелген сот аткаруучулардын жакындары бүгүн саат 09:00 чамасында Акыйкатчы институтунун Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдына келишкен. Алар мени ар кандай сөздөр менен бир жактуу каралап, кызматтан кетишимди талап кылып жатышат. Кайсы күнөөм үчүн экенин так айта алышпайт. Буга чейин да мени коркутуп, К.Арабекованын укугун коргоодон баш тарт деп кетишкен. Бирок ага деле анча маани берген эмес элем”,- дейт Арзыкан Момунтаева.

Айта кетсек, Талас облустук сотунун Илгиз КарымбаевАлтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары “Калия Арабекованы зордукташкан” деп шектелип, Сокулук райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылышкан. 

Ал эми 21-июлдан 22-июлга караган түнү белгисиз адамдар Калия Арабекованы дагы сабап, зордуктап кетишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан