Малайзиялык коноктор бүркүткө суктанышып, бешбармак менен куурдакты жактырышты

Малайзиялык журналисттер бүгүн, 27-июлда Ысык-Көлдөгү "Керемет суу" эс алуу жайына барышты. Ал жерде ден соолук үчүн пайдалуу делген ысык булактарга жуунушту жана колго үйрөтүлгөн бүркүткө суктанышып сүрөткө түшүштү. 
Малайзиялыктар кыргыздын тамак-ашынан палоо, бешбармак, куурдак жакканын айтышты. Ал эми суусундуктардан жарма жагып, кымыз анча жакпаптыр. Айрымдары сууга түшүүнүн ордуна керемет жаратылышка суктанууга көбүрөөк убакыт бөлүшүүдө. Саякат уланууда. 

Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (The Star”)кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада көрсөтүү жана тааныштыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kirgizstan
2015-07-27 16:02:41
Соонун соонун ушундай жакшы маанай жаратса болот экенго
+2
bosmos777
2015-07-27 16:09:31
Азаматтар!Болушунча сый корсоткуло! Тамакты аябагыла!
+3
sirgak_92
2015-07-27 16:11:10
Оомиииий кииилейген фотоаппарат экен э мага оллло жакты
+1
Daiza
2015-07-27 16:19:45
Аиий сонун болуп жаткан го. Арасындагы коз айнек таккан бала озунчоле эле позитивчик экен, суроттордон байкалып турат)))
0
Bors
2015-07-28 01:23:32
Daiza, Малайзиянын Дырыщыго ээ.
0
Takai
2015-07-27 16:45:43
Керемет жердин керемттерин тартып келкиле эми. Ысык-көлдүктөр жакшы тозуп алгыла уят кылбайт. Керек болсо бекер кымыз, чай, нанынарды кыргыз элинин атынан деле алып келип берсенер + болот.
0
Samina007
2015-07-27 18:20:32
Жериңден кагылайын Кыргыз жерим.Суктангандар көз тийбесин,сөз тийбесин.Анан мынтип өзунун персональный обязаностисин билбегендер ч...п иришетта
+2
KGstan81
2015-07-27 20:30:11
Чолпон-Атадан 40км алыстыкта болсо керек бул жер Оруктуу деп аталат мен барганмын жакшы жер бирок жолу анча эле эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан